КӨРКӨМ CҮРӨТ АКАДЕМИЯЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨРКӨМ CҮРӨТ АКАДЕМИЯЛАРЫ – пласти­калык искусствонун илимий-чыгармачылык мекемеси; жогор­ку көркөм сүрөт мектеби. XVI кылымда Италияда пай­да болгон Көркөм сүрөт академиялары антика искусствосун, Кайра Жа­ралуунун улуу чеберлеринин ыкмаларын таа­нып-изилдеген жана сүрөттү искусствонун башаты катары аздектеген сүрөтчүлөрдүн эркин бирик­меси болгон. 1648-жылы Парижде негизделген ал­гачкы Живопись жана айкелдин королдук академиясы француз искусствосунун өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. XVII–XVIII кылымдарда Париж академия­сынын үлгүсүндө бир катар Европа мамлекетте­ринде (Венада, 1692; Берлинде, 1694; Лондондо, 1768). Көркөм сүрөт академиялары түзүлгөн. Россияда 1757-жылы Петер­бургда негизделген. 1933-жылы жогорку окуу жайы болуп эсеп­телген Бүткүл россиялык Көркөм сүрөт академиялары ачылып (Ле­нинградда), 1947-жылы CCCР көркөм сүрөт акаде­миясы түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын улуттук Көркөм сүрөт академиясы 1995-жылы Бишкекте ачылган.