КӨПҮРӨ-БАЗАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨПҮРӨ-БАЗАР – Талас районундагы кыштак.
Р. Айдаралиев атн. айыл округуна караштуу. Каракол суусунун боюнда, деңиз деңг. 1320 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыш-нан 70 км чыгыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 166 км. Кыштак 1956-ж. орношкон. Калкы 4714 (2007); негизинен мал
чарбасы м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто ж-а башталгыч мектеп, 2 китепкана, клуб бар. Оорукана, дарыкана, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануучу жайлар, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.