КӨМӨЧ КАЗАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨМӨЧ КАЗАН , таба, көмөчтан - нан бышырууга колдонулуучу чоюн идиш. Өзүнчө эки (астынкы жана үстүнкү) табакчадан турат.

Чокко ысытылган көмөч казанды ич май менен майлап, ага ачыган камырды тегиздеп жаап, көмөч казандын үстүнкү бетин (экинчи пайын) көмөрүп коёт; чок астына төшөлүп, үстүнө көмө үйүлөт.
Мындай бышырылган нан көмөч нан деп аталат. Көмөч нан жумшак, кубаттуу жана тогумдуу келет.