КӨМҮРДҮН ӨЗҮНӨН-ӨЗҮ КҮЙҮШҮ
КӨМҮРДҮН ӨЗҮНӨН-ӨЗҮ КҮЙҮШҮ - көмур абадагы кычкылтек м-н өз ара аракетке келгенде кычкылдануу процессинен келип чыккан кубулуш. Буга талкаланган, ураган көмургө же тазалоо жумуштарын жургузгөндө көмур массаларына белгилуу санда кычкылтектин аралашып кетиши себеп болот. Бул - көп сандаган геол., тоо-тех. шарттарга байланыштуу татаал хим. процесс. Үбөлөнмө, жаракалуу көмурлөр жеңил тутанат. Шахтадагы абанын курамын, темп-расын алдын ала текшерип туруу иштери өзунөн-өзу тутануудан сактайт. Тутануу төмөнку эки себепке байланыштуу: I) өзунөнөзу куйуугө жөндөмсуз көмурлөрдө, кычкылданган көмур м-н кычкылданбаган көмурдун куйуу темп-расындагы айырмачылык 10°Сден ашпаса; 2) өзунөн-өзу куйуугө жөндөмдуу көмурлөрдө айырмачылык 25-30°С жетсе. Шахтада өрт чыкпасын учун казылып алынган бош жерлерге тосмолор орнотулат. Тосмо суюк айнек, суюлтулган чопо, суюк аралашма толтурулуп шыбалат.