КӨЛДӨЛӨҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛДӨЛӨҢ , бостек­ ашатып өңдөгөн саңсаң (саксак) териден жаса­лып, шырдак, ала кийиз, таардын үстүнө төшө­лүүчү үй буюму.

Эки-үч те­риден жасалат, тери­лердин бучкактары кеси­лип ташталып, калганы тегизделип, ортосунан жөрмөлүп бириктирилет; Көлдөлөң ичтелип, тегереги көбөөлөнөт. Отурууга жумшак, ыңгайлуу болот.