КӨЛ-ҮКӨК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨЛ-ҮКӨК — Кочкор өрөөнүндөгү суу, Чүй
д-нын оң куймасы. Тескей Ала-Тоонун батыш
бөлүгүнүн түн. капталынан башталат. Кочкор
районунда. Уз. 37 км, алабынын аянты 75,8 км2.
Суу чогултуучу аймагынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3000 м. Негизинен кар ж-а мөңгү сууларынан куралат. К.-Ү-түн 28 куймасы бар. Июль
айында ташкындап, февралда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 0,9 м3/сек. Алабында жалпы
аянты 1,4 км2ден ашык көлдөр, 14,9 км2 келген
мөңгүлөр бар.