КӨКӨТӨЙ
Көкөтөй Өмүрбек уулу, К ө к ө т ө й ч е ч е н (1849, Нарын району, Миң-Булак айылы – 1916, Үркүндө жолдо каза болуп, сөөгү Тарагай тараптагы Боз-Жалпак – Май-Дөбө деген жерге коюлган) – чечен, билгир, санжырачы. Тынымсейит уруусунун жаманак уругунан. Кичинесинен эле баамчыл, сезгич, куйма кулак, кепке ынак өскөн. Көкөтөй өз мезгилинин акылман ойчулу, өз оюндагысын тартынбай бетке айткан, чукугандай сөз тапкан куйкум сөздүн чебери, сынчы, сүрөткер, жармачка жардамдашкан боорукер адам болгон. Ал алдамчы, ач көз, сүткор зулум кошоматчыларды курч сөздөрү м-н ашкерелеген. Көкөтөйгө учурунда айтылуу эл ырчысы Арстанбек баа берген, Ы. Борончиев да жогору баалаган. А. Тыныбеков, Т. Сыдыкбеков анын акылман, нуска, насыят, таамай, чечен сөздөрүн көркөм чыгарма, Мукаш Найманбай уулу радиопьеса жазышкан.
Ад.: Сыдыкбеков Т. Күлкү жана өмүр. Ф., 1988.