КӨК-ИРИМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-ИРИМ – Тогуз-Торо ойдуңу м-н аккан суу, Нарындын сол куймасы. Тогуз-Торо районунда. Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталынан башталат. Уз. 51 км, алабынын аянты 1740 км2. Жогорку агымында кууш капчыгай м-н чыгышка, андан кийин өрөөнү кеңейип, түн. тарапка агат. Төмөн жагында салааларга бөлүнүп кетет. Негизинен кар (25%), мөңгү (20%) ж-а булак (51%) сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 22,6 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда, азы февралда. Апрелде кире баштап, октябрда тартылат. Ири куймалары: Көгарт (50 км), Үрүмбашы (40 км), Кекилик-Бел (39 км) – оң; Казык (24 км), Байдамтал (21 км) – сол. Негизинен сугатка пайдаланылат. Боюнда Көк-Ирим, Арал, Бирдик, Атай кыш. жайгашкан.