КӨЗ ООРУЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЗ ООРУЛАРЫ – көз алмасы, көз чарасы ж-а анын жапкагы, коньюнктивалары көздүн ж. б. бөлүктөрүнүн оорулары. Алар тубаса, кийин пайда болгон, жугуштуу (коньюнктивит, тра­хома, блефарит), жугушсуз, катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп бөлүнөт. Бир же эки көз тең оорушу мүмкүн. Ал жалпы организмдин оору­ларынан, мис., инфекциялык (туберкулёз, ко­тон жара, кызыл жүгүрүк, кептөөр, келте ж. б.), мителик, эндокриндик, кан тамыр, борб. нерв системасынын ооруларынан ж-а түрдүү шишик­терден (менингит, мээ шишиктери) ж. б. болу­шу мүмкүн. Улгайган адамда чечекей тунарып, катаракта пайда болот. Көз суюктугунун ай­ланышы бузулганда ички басым көтөрүлүп, глаукомага алып келет. Көздүн бузулушу кө­бүнчө ички орган же системалардын кандайдыр бир оорусу м-н байланыштуу (эндогендик). Борб. ж-а четки нерв, жүрөк-кан тамыр систе­маларынын оорусунда, ууланууда, зат алмашуу, ички секреция бездери бузулганда ж. б. учур­ларда көздө өзгөрүү байкалат. Бул ооруларды өз учурунда дарылоо К. о-нан сактайт. Ооруну пайда кылуучу экзогендик себептерге жугуштуу козгогучтардын көзгө түшүшү, мех. кокустатуу, хим. (к-та, щелочтор) ж-а физ. (темп-ра, жа­рык, радиоактивдүү нурлар) факторлор кирет. Көз жабыркаганда айрыкча глаукома, оор трав­ма, күйүк, көрүү нервинин атрофиясы, трахо­ма ж. б. сокурлукка алып келиши мүмкүн. Ал­дын алууда жеке тазалыкты сактоо, организм­ди ар кандай оорулардан коргоо, көрүү начар­лай баштаса, врачка кайрылуу зарыл. Өз уба­гында мед. жардам көрсөтүлсө, оорунун күчө­шүнө, кабылдоосуна жол берилбейт.