КӨБӨӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨБӨӨ – кийим (ичик, кементай, тон, чепкен, тери шым, белдемчи жана башкалар), баш кийим (калпак, шөкүлө жана башкалар), бут кийим жана үй буюмдарынын (күзгү кап, аяк кап, баштык, төшөк, көлдөлөң жана башкалар) айрым бөлүктөрүнүн (жака, этек, жең, багалеги, кырбуу, конч жана башкалар) жээгине карматылган кыюу. Көбөө катары кездеме, киш, көрпө, кийиз, таар пайдаланылган. Жасалган буюмга ылайыкталып, айрым көбөөлөр саймаланат. Көрпө, териден жасалган буюмдар кездеме м-н көбөөлөнөт. Эл арасында: «Көбөө келсе көйкөлөт, жака келсе жайкалат» деген макал ошондон улам айтылса керек.