КҮҮ (жыгач челек)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КҮҮ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮҮ – жыгачтан жасалган челек. Ичине куюл­ган майлуу сүттөн бишкек менен бышып отуруп, ак май ажыратылып алынган. Ооз жагы кууш келип, узундугу 60–80 см, түбүнүн айланасы 70– 80 см, ооз жагыныкы 50–60 см болгон. Бишке­ги 85–95 см жумуру таякчадан жасалган; учуна жазылыгы 2–3 см, уз. 15–18 см жыгач ашталып, кайчылаш бекитилген.