КҮРӨҢКӨЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КҮРӨҢКӨЙ Белек уулу (1826, Ысык-Көлдүн Талды-Булак айылы – 1907, ошол эле жер) – залкар комузчу, дастанчы. Улуу комузчу Муратаалынын атасы. Бала чагынан чоор, сурнай, керней тарткан, кийин комуз черткен. Атасы Белек Шабдан хандын сурнайчысы, кернейчиси болгон. «Камбаркан», «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама», «Кара өзгөй», «Камбаркан», «Көк сандал», «Сары үңкүр», «Тайбала» жана башка кара күүлөрдү аткарган. «Жаныш-Байыш», «Муңдук-Зарлык», «Эр Табылды» дастандарын айткан. Композитор М. Раухвергер «Чолпон» балетине Күрөңкөйдүн «Тайбала», В. Фере «Кыргызстан» аттуу симфониясына «Көк сандал» күүсүн пайдаланган.