КҮРТКҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРТКҮ – шамалдан шиленип, ой ж-а ыктоо жерлерге жыйылып калган кар. Уз. бир нече смден бир нече мге, бийикт. 20–30 смге (кээде 1,5 м) чейин жетет. Ылдамдыгы 5 см/с. Кардын сүрүлүп, жешилип жылмаланышынан тик, айдарым ж-а жантайыңкы ылымта капталдары пайда болот. К. негизинен уюлдук аймактарга таандык. Муз катмарларында ж-а карлуу өрөөндөрдө үстөмдүк кылган шамалдын багытын аныктоодо мааниси зор. К. Кырг-ндын тоо­луу аймактарында көп учурайт.