КҮРМӨНТҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КҮРМӨНТҮ – Ысык-Көл обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Сары-Булак айыл округуна караштуу. Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Түп булуңунан түндүгүрөөк, Күрмөнтү суусунун ж-а Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1789 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 8 км түн.-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 182 км. Калкы 3041 (2009); негизинен дыйкан ж-а мал чарбаларында эмгектенет. Күрмөнтү цемент з-ду, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мад-т үйү, оорукана бар. Кыштакта илимпоз, тарыхчы, коомдук ишмер К. Каракеев туулган.