КҮРДДӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРДДӨР (өздөрүн к ү р д, к у р м а н ж деп аташат) – Батыш Азиядагы эл, Күрдстандын негизги калкы. Түркия, Иран, Ирак, Сирия, о. эле Армения, Грузия, Казакстан, Азербайжан, Ливан, Афганстан, Түркмөнстан, Казакстан, Кырг-н, Германия, Франция, Нидерланд, Швейцария, Австрия, Белгия, Россияда да жашашат. Жалпы саны 35 млнго жакын киши (2009). Күрд тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендердин көпчү­лүгү мусулман-

сунниттер, башка дин туткандары да бар. 14–18-к-да К. Иран ж-а Осмон империясына көз каранды бол­гон. Осмон импе­риясы кулагандан кийин, ага тиеше­лүү К-дүн аймакта­ры Түркия, Ирак, Сирия мамлекет­терине өткөн. На­тыйжада Түркия, Ирак, Сирия, Иранда К. улут­тук дискриминацияга кабылган. Күрдстанда улуттук-маданий укуктары үчүн К-дүн көтөрүлүштөрү болуп тур­ган. 19-к-дын аягында миграция процесси күч алып, Түркия ж-а Ирандан К. Закавказьеге көчүрүлгөн. К. Армения, Азербайжан (1937) ж-а Грузиядан (1944) Казакстанга, О. Азияга депортацияланган. СССР кулагандан кийин Ка­закстан, О. Азия ж-а Закавказьедеги К. Крас­нодар ж-а Ставрополь крайларынын алыскы райондоруна, Ростов обл-на ж-а Адыгэ Респ-на көчүп кетишкен. К. дыйканчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесиптенип, дубалы топурактан же таштан тургузулган, бир же эки кабаттуу үйлөрдө, көчмөндөрү – жайкысын чатыр, кышкысын жер төлөлөрдө жашаган. Эркектери чал­бар (көлбөйгөн кең шым), көкүрөк жагы ачык, узун жеңдүү көйнөк, түйүлгөн чыптама, суукта кийиз же жүндөн даярдалган кийим кийип, белине кур байлап, канжар тагынган. Аялдар кездеме чалбар, узун көйнөк, чыптама кийип, кур курчанган. Тамак-ашы – негизинен эт, сүт, дан азыктары.