КҮНГӨ КҮЙҮҮ
КҮНГӨ КҮЙҮҮ – Күндүн ультра-кызгылт-көк нурунун таасиринен меланин пигменти көп жыйылып, киши терисинин карарышы. К. к-дө жүрөк-кан тамыр ж-а нерв системасынын иши, зат алмашуу жакшырып, организмдин жугуштуу ж. б. ооруларга байымдуулугу артат. Мындан сырткары сөөк системасына керек, кандын уюшуна, көпчүлүк ферменттердин активдүүлүгүнө таасир этүүчү кальцийдин ичегиде сиңишин күчөтүүчү Д витамини пайда болот. К. к. бардык кишилерге пайда келтирбейт. Күнгө акырындык м-н күйүү зарыл. Күнгө өтө узак кактануу ден соолукка зыян. Күндө болуу тартибин туура сактабаса, организм өтө ысып, күн өтүп дерматит (теринин күйүп кетиши) болушу мүмкүн. Улгайган кишилер, 2 жашка чейинки балдар, кош бойлуулар, о. эле өнөкөт оорулуулар, нерв ж-а жүрөк-кан тамыр оорулары м-н жабыркагандар узак К. к-гө жарабайт.