КҮН КОЛЛЕКТОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮН КОЛЛЕКТОРУ – Күн энергиясын чогултуп жылуулук алуучу жалпак түзүлүш (панель). Ал суу м-н камсыз кылуучу системага туташты­рылган ийилчээк кара түтүктөрдүн, имарат ча­тырына жылан сымал орнотулган ысык суу м-н камсыз кылуучу системанын жакшыртыл­ган түрү. Күн энергиясын өзүнө алуу м-н суюк­тукту айлантат (циркуляциялайт). Жылуулук­ту коромжуга учуратпоо үчүн маңдайкы бети айнек м-н жабылып, калган бөлүгү жылуулук изоляциялоочу корпуска жайгаштырылат. Жаңы тунук изоляциялоочу полимер же кремний диоксидинин майда тешиктүү гели ж. б. мате­риалдарды колдонуу м-н п. а. к. жогорулайт.