КҮН АКТИВДҮҮЛҮГҮ
КҮН АКТИВДҮҮЛҮГҮ – күн атмосферасында мезгили м-н болуп туруучу ар кандай кубулуштар. Аларга тактар, факелдер, флоккулалар, протуберанецтер, Күн таажысында жаркыроолор, ультракызгылт көк, рентгендик ж-а корпускулалык нурлануу ж. б. кирет. Күн плазмасынын магниттик касиети м-н тыгыз байланышкан фотосферанын бир бөлүгүндө магнит агымынын көбөйүшү К. а-нүн башталышын билдирет. Магнит агымы көбөйүшү м-н хромосферада жаркырактык көбөйөт. Бул облус флоккула деп аталат. Күн фотосферасынын участкаларында көзгө көрүнүүчү ак жарыктан факелдер байкалат. Факел ж-а флоккул бөлүнүп чыккан жердеги энергия көбөйөт, ал магнит талаасынын чыңалышын жогорулатат. Активдүү бөлүктө флоккула пайда болгондон 1–2 күндөн кийин күн тактары кичине кара чекиттер түрүндө байкалат. Алардын көпчүлүгү тез эле жок болот, ал эми айрымдары ири күңүрт тактарга айланат. Типтүү күн тактарынын өлчөмү бир нече ондогон миң кмге жетет. Күн тактарынын маанилүү өзгөчөлүгү – күчтүү магнит талаасынын пайда болушу. К. а-нүн өтө кубаттуу көрүнүшү – күчтүү жарк этүүлөр. Алар хромосферанын ж-а таажынын чоң эмес бөлүктөрүндө байкалат. Жарк этүү – негизинен Күн плазмасынын кысылышынан пайда болгон жарылыш. Кысылыш магнит талаасынын күчтүү басымы астында өтөт. Жарк этүү – Жер атм-сынын жогорку катмарына ж-а ионосферага күчтүү таасирин тийгизет ж-а бир нече геофиз. кубулуштарды пайда кылат. Күн атм-сындагы зор активдүүлүк – протуберанецтер. Эң күчтүү (максимум) К. а. 11 жылда кайталанып турат. Бул К. а-нүн цикли деп аталат.