КҮН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КҮН – сутканын жарык бөлүгү; Күн чыккандан батканга чейинки убакыт, б. а. Жер өзүнүн огунда айлануусундагы жарык тийип турган бөлүгү. К-дүн узактыгы геогр. кеңдикке жараша болуп, Күндүн жантайышына карата өзгөрөт. Экватор кеңдигинде К-дүн узактыгы жыл бою бирдей болуп, 12 саатка барабар. Түн. ж-а түш. жарым шарда (уюлга чейин) Күндүн жантайышына жараша эң узун К. (21-июндун тегереги) ж-а эң кыска К. (22-декабрь ченде) болот, к. Күндүн узактыгы, Сутка.