КҮМҮШТАК РОГОВИК КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮМҮШТАК РОГОВИ́К КЕНИ Талас обл-нун Бакай-Ата р-нунда, Бакай-Ата кыш-нан 13–16 км түш.-батыш тарапта, Талас Ала-Тоосу­нун түн. капталында, деңиз деңг. 3512 м би­йикте. 1969- ж-а 1982-ж. чалгындалган. Кен ай­магын акыркы рифейдеги талкаланган акиташ м-н аны жиреп чыккан гранит интрузиясы түзөт. Акиташ м-н интрузиянын чегинде темгилдүү ро­говик, скарн, мрамор пайда болгон. Булардын ичинен эң коозу роговик, анын пироксендүү, диоп­сиддүү, кварц-диопсиддүү, пироксен-амфиболдуу 4 түрү кезигет. Алардын ичинен баалуусу – диопсиддүү роговик. Өңү жашыл сымал боз, кара, кызгылт көк, ачык кызыл темгилдер учурайт. Уз. 1 кмге созулуп, келки дөңсөөгө айланган. Сайда, коктуда жер бетине чыгып жатат. Жылмалап сайкалдаганда кайталангыс кооз чиймелерди берет. Кеңири диапозондуу кооз так­таларды алууга болот ж-а кооз буюмдарды жа­соого жарамдуу. Баланстагы запасы А категориясы б-ча 4,5 миң т, В – 8,9 миң т.