КҮМБӨЗ
КҮМБӨЗ (арабча куббаэ – көмкөрүлгөн чатырча– фарсыча гомбед – көмкөрүлгөн асман) – бейит үстүнө салынуучу архитектуралык курулуш. Ал таш, кыш, темир, гранит, мрамор сыяктуу бышык материалдан курулат. Күмбөздүн Египет пирамидасы (мисалы Хеопс фараон пирамидасы)– кумпалдуу азиялык күмбөз Индияда жана Кичи Азияда аскага оюлуп жасалган күмбөз сыяктуу түрлөрү бар. Cамаркандда Рухабаддын, Эмирдин (Гур-Эмир) жана башка кумпалуу салынган күмбөздөр белгилүү. Кыргызстандын Өзгөн шаарында үч күмбөз (XI–XII кылымдар), Шах- Фазил күмбөзү (XI–XII кылымдар, Ала-Бука р-ну, Cафед- Булан кыштагы), Манастын күмбөзү (XIV кылым, Талас району, Таш-Арык кыштагы), Чүй өрөөнүндө Байтиктин күмбөзү (XIX кылым), Өзүбектин күмбөзү (1914) жана башка эстелик күмбөздөр бар.