КҮЛБӨСХАН ШААР КАЛДЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КҮЛБӨСХАН ШААР КАЛДЫГЫ – 10-к-га таандык археол. эстелик. Чаткал өрөөнүнүн борб. бөлүгүндө, Чаткал суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Жалпы түзүлүшү трапеция үлгүсүндө. Цитадель, шахристан ж-а рабаттан турат. Цитадель ж-а шахристаны мунаралуу калың дубалдар м-н курчалган. Дубалы бышырылбаган кыштан тургузулган. К. ш. к-н казууда турак жай, чарба калдыктары, чопо идиштер, жаргылчак, тыйын, күл, малдын сөөктөрү ж. б. буюмдар табылган. Айрым изилдөөчүлөр аны о. кылымдагы Ардыланкет м-н байланыштырат. 1950-ж. археолог А. Кибиров казып изилдеген.