КҮКҮРТТҮҮ КИСЛОТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮКҮРТТҮҮ КИСЛОТА́ , Н2SO3 – суюлтулган суу эритмелер түрүндө гана белгилүү болгон начар, эки негиздүү к-та (күкүрттүү ангидриддин суу­дагы эритмеси). К. к-нын туздары – сульфиттер (мис., Nа23) ж-а бисульфиттер (NаHSО3, ж. б.). К. к. ж-а анын туздары күчтүү калыбына келтиргич болуп саналат. Алардын эритмелери аба­дан акырындык м-н кычкылтекти кошуп, күкүрт кислотасын же анын туздарын пайда кылат. Күчтүү кычкылдандыргычтар (КМnО4,Вr2, I2 ж. б.) м-н К. к. ж-а анын туздары ак­тивдүү кычкылданат. Ал эми күчтүү калыбына келтиргичтер м-н өз ара аракеттенгенде, окис­тендиргичтин ролун аткарышы мүмкүн. Суль­фиттердин басымдуу көпчүлүгү (К23 ж-а Na2SO3төн башкалары) сууда эрибейт. Бисуль­фиттер сууда жакшы эрийт. Алардын көпчүлүгү эритмеде гана туруктуу. Эркин түрүндө щелочь металлдардын бисульфиттерин гана бөлүп алуу­га болот. К. к-нын туздары күкүрттүү ангирид­ди тиешелүү металлдардын гидроокистери же карбонаттары м-н өз ара аракеттендирүүдөн алы­нат. Калий ж-а натрий сульфиттери текстиль ө. ж-да кээ бир материалдарды агартыш үчүн, кездемелерди боёодо, сүрөт иштеринде колдону­дат. Са(HSO3)2 эритмеси жыгачты сульфиттик целлюлозага кайра иштетүүдө (кагаз алуу үчүн) пайдаланылат.