КЫРТЫШ ТААНУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРТЫШ ТААНУУ – кыртыш (грунт) ж-дөгү илим; инженердик геология илиминин бир тармагы. Кыртыштын пайда болушун, орун алышын, түзүлүшүн, өзгөрүшүн, курамын, физ. касиеттерин (чөгүшү, көбүшү, басымы, темп-расы, механикасы, массасы, көлөмү, тыгыздыгы, көзөнөктүүлүгү, ийилиши, чоюлушу, суу өткөргүчтүгү, жылмышуусу, тайышы, орун которушу, кыймыл-аракети, каршылык көрсөтүшү, электр тогун өткөрүшү, бекемдиги, ныктыгы) изилдейт.