КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ – XVI–XIX кылымдарга таан­дык археологиялык эстелик. Кочкор районунда Дөң-Алыш айылынын түндүк-чыгыш чет жакасында жайгаш­кан. Чийки кыштан салынып, ичи оймо-чий­меленип кооздолгон 14 күмбөздөн турган. Төрткүл жана Семиз-Белдеги күмбөздөрдү да кырк чорого байланыштырышат. Жалпы көрүнүшү тик бурчтуу жана чарчы түрүндө. Порталдары бы­шык курулуп, үстү кумпалуу жабылган. Ула­мыштарда бул күмбөздөрдө Манастын кырк чо­росунун сөөгү коюлган делет. Бул күмбөздөрдүн уландысы Ак-Чий көрүстөндөрү деп аталат.



Семиз-Белдеги күмбөз.

Учурда Семиз-Белде гана жалгыз күмбөз сакта­лып калган. 1949-жылы археологдор А. Н. Бернш­там жана Д. Ф. Винник изилдеген.