КЫРГЫЗСТАН 2
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРГЫЗСТАН (1996-ж. чейин К ы з ы л - К ы рг ы з с т а н) – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Сакалды айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 545 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш-нан 12 км түш.- батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 57 км. Калкы 2429 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Үрөнчүлүк дыйкан ж-а жеке менчик чарбалар (а. и. кооперациялар) иштейт. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.