КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОРДЕНДЕРИ ЖАНА МЕДАЛДАРЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОРДЕНДЕРИ ЖАНА МЕДАЛДАРЫ – КРде демокр. коомду,
элдердин биримдигин коргоого ж-а чыңдоого,
өлкөнүн экон., интеллектуалдык ж-а рухий потенциалын арттырууга кошкон салымы, о. эле мамлекеттин ж-а элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук ж. б. иштердеги сиңирген эмгеги үчүн берилүүчү сыйлыктар. Аны КРдин Конституциясына ылайык КР Президенти тапшырат. КР мамл. сыйлыктары м-н КРге сиңирген эмгеги үчүн чет өлкөлүк жарандар ж-а жарандыгы жок адамдар да сыйлана алышат. Мамл. сыйлыктарга татыктуу болгон адамдар КР мыйзамдарында каралган тартипте жеңилдиктерден ж-а артыкчылардан пайдаланышат. Мурда СССРдин ордендери ж-а медалдары м-н сыйланган КР жарандарынын, СССР ж-а Кыргыз ССРинин ардак наамдарына ээ болгондордун статусу, бардык тиешелүү укуктары ж-а жеңилдиктери сакталган ж-а Советтер Союзунун Баатыры ж-а Социалисттик эмгектин Баатыры ардак наамдары КР жогорку артыкчылык даражалары м-н кайрадан идентификацияланган. Мамл. сыйлыктар б-ча атайын комиссия иш-

тейт. Белгилери, орден китепчелери ж-а күбөлүктөрүнүн үлгүлөрү, о. эле сыйлыкка көрсөтүү, тапшыруу, тагынуу, каттоо ж-а сактоо тартиптери К ы р г ы з Р е с п у б л и к а с ы н ы н Б а ат ы р ы – эң жогорку артыкчылык даражасы
мамлекет м-н эл алдындагы өзгөчө жеке сиңирген эмгеги, КР эркиндигин ж-а көз каранды эместигин коргоодо өзгөчө көрсөткөнү үчүн жарандарга КР Президенти тарабынан бир гана жолу ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга Ак Шумкар өзгөчө белгиси тапшырылат. Ак Шумкар өзгөчө белгиси сол төшкө КР ордендери м-н медалдарынын үстү жагына тагылат. М а н а с ордени м-н мамл. ж-а демокр. коомду, элдин биримдигин коргоого ж-а чыңдоого, өлкөнүн экон., руханий ж-а интеллектуалдык потенциалын арттырууга кошкон салымы үчүн берилет. Ордендин үч даражасы бар. Сыйлоо III даражасын берүүдөн башталат.
Өзгөчө учурларда Президент жарандарды түз эле I даражасы м-н сыйлай алат. Орден сол төшкө КР ордендери м-н медалдарынан мурда тагылат. Д а н а к е р ордени тынчтыкты, элдер ортосундагы достукту ж-а кызматташтыкты
чыңдоого, улуттар аралык ынтымакты сактоо б-ча үзүрлүү иштеген, илимди өнүктүрүүгө, улуттук мад-ттарды жакындатууга салым кошкон жарандарга ыйгарылат. Манас орденинен кийин сол төшкө тагылат. Б а а т ы р э н е ордени м-н жети ж-а андан ашык бала төрөгөн ж-а тарбиялап өстүргөн же балдары Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон энелер сыйланат. Орден сол төшкө КРдин медалдарынан мурда тагылат. Эрдик медалы адамдарды сактап калууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, бөөдө кырсыктардан,
өрт, апаат ж. б. өзгөчө кырдаалдарда, о. эле өмүргө коркунуч коштолгон шартта аскердик, кызматтык ж-а жарандык парзын аткарууда каармандык ж-а чечкиндүү иш-аракет көрсөткөн жарандар сыйланат. Сол төшкө КРдин ордендеринен кийин тагылат. Д а ң к медалы м-н мамл. кызматтагы,
өндүрүштүк, ил.-тех., чыгармачыл, тарбиялык, коомдук ж-а кайрымдуулук ишиндеги олуттуу жетишкендиктери үчүн жарандар сыйланат. Сол төшкө Э р д и к медалынан кийин тагылат. К үж ү р м ө н к ы з м а т ө т ө г ө н д ү г ү ү ч ү н медалы КР Коргоо министрлигинин, Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары, КРдин Улуттук коопсуздук кеңешинин, ИИМдин,
Өзгөчө кырдаалдар ж-а жарандык коргонуу министрлигинин, Мамл. коргоо кызматынын, аскер прокуратурасынын ж-а аскер сотторунун кызматчылары ж-а аттестацияланган кызматкерлери кызмат милдеттерин ак ниет аткаргандыктары, күжүрмөн ж-а саясий даярдыктагы мыкты көрсөткүчтөрү үчүн сыйланат. 2 даражасы бар: I даражасы 20 жыл ж-а андан ашык, II даражасы 15 жыл ж-а андан ашык мезгил кынтыксыз аскер кызматын өтөгөндүгү үчүн КРдин эгемендүүлүк күнүнө карата ыйгарылат. Сол төшкө Даңк медалынан кийин тагылат.
Ы. Кадыров.