КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ – Борбордук Азиядагы ири музейдин бири; 1925-жылы 9-декабрда уюшулуп, Кыргыз автоном советтик социалисттик республикасы Советтеринин 1-уюштуруу съездине карата (5. 3. 1927) ачылган. Алгач М. В. Фрунзе туулуп өскөн үйдүн бир бөлмөсүнө жайгашкан. Музейдин туңгуч директору жана анын этнография бөлүмүн негиздөөчү С. М. Аб­рамзон болгон. 1930-жылдан этнография жана табият таануу боюнча коллекцияларды жыйнап-топтоо маселесине көңүл бурулуп, 1941-жылы А. Н. Берн­штамдын жетекчилиги менен тарых-археологиялык бөлү­мү түзүлгөн. С. Керимбаев, К. Үсөнбаев, К. И. Ан­типина, В. Я. Галицкий жана башка окумуштуу-тарых­чылардын демилгеси менен 1947-жылы музейдин социалисттик курулуш бөлүмү ачылган. Архитектор А. П. Зен­ковдун долбооруна ылайык 1967-жылы музей му­рунку Кыргыз ССРинин Өкмөтү жайгашкан има­ратка көчүрүлгөн. 1973-жылы 28-декабрда 3500 м2 аянтка (45 зал) Кыргыз Республикасынын жалпы тарыхына байла­ныштуу байыркы палеолит доорунан XX кылымдын 1980-жылдарына чейинки эстеликтер (10 000 түп нускада) коюлуп, илимий мазмуну жана көркөмдөлү­шү боюнча бул экспозиция Борбордук Азия аймагында­гы музейлердин эң мыктысы болуп таанылган. 1991-жылы В. И. Ленин атындагы Борбордук музейдин филиалынын жаңы имараты ыйгарылып, азыр­кы учурда музей фондусу 100 миңге жакын буюмга жетип, анын ичинде 48 миңи өтө маанилүү эсте­лик болуп эсептелет.

Саймалуу-Таштагы таш сүрөт көчүрмөсү; коло доору, сак маданиятына таан­дык курал-жарак, турмуш-тиричилик буюмда­ры; Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн та­былган алтын буюмдар; байыркы көчмөндөрдүн полихром жасалгалары (биздин замандын I–V-кылымдары), Түрк ка­гандыгына таандык таш жазуулары жана башка ар­хеологиялык жана этнографиялык баалуу коллекция болуп сана­лат. Үркүнгө байланыштуу эстеликтер чогултул­ган. Ошондой эле кыргыз элинин салттык маданиятынын үлгүлөрү болгон саймалар; ала кийиз, шырдак, улуттук кийим-кече ат жабдык жана башкалар бар. Өзгөчө дата, юбилей жана башкаларга карата илимий конференция, көргөзмө­лөр уюштурулат, илимий изилдөө иштери жүргүзү­лөт. 1925–1933-жылдары Кыргызстандын Борбордук музейи, 1933–1943-жылдары Мамлекеттик край таануу музейи, 1943–1954-жылдары Улуттук маданият музейи, 1954-жылдан Мамлекеттик тарых музейи.

Ж. Медералиева.