КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТЫНА ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТЫНА ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР – ардактуу наам. 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Кыргыз ССР Жогорку Совети­нин Президиумунун 1954-жылдын 30-ноябрын­дагы жана 1968-жылдын 15-майындагы жарлык­тары менен бекитилген. Жогорку билими бар, адис­тиги боюнча кеминде 15 жыл маданиятты өнүктүрүүдө, дене тарбия жана спорт, маданият сарайларында, үйлөрүндө, клубдарда иштегендерге, өздүк көркөм чыгармачылыктын катышуучуларына, эл чыгармачылык үйлөрүнүн, газета-журналдардын, басмалардын, китепканалардын, кинематографиянын, окуу жайлардын жана башка кызматкерлерине берилет.