КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ЖАШТАР ЖАНА ЖЕТКИНЧЕКТЕР ТЕАТРЫ
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ЖАШТАР ЖАНА ЖЕТКИНЧЕКТЕР ТЕАТРЫ Б. К ы д ы к е е в а а т ы н д а. 1989-жылы Бишкекте уюшулган. Туңгуч директору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер И. Төкөлдөшев болгон. Алгачкы артисттери Москвадагы М. С. Щепкин атындагы театр институтунун бүтүрүүчүлөрү болушкан.

Театр драматург Ж. Cадыковдун «Эр Төштүк» (режиссёру Б. Абдылдаев) драмасы менен ачылган. 2004-жылы Б. Кыдыкееванын ысмы берилген. Театрда кыргыз драматургдарынын жана чет өлкөлүк классиктердин чыгармалары коюлууда (Б. Жакиевдин «Алтын аяк», Н. Жүндүбаеванын «Кыз Cайкалдын арманы», Ж. Өзүбекованын «Cаргайган күндөлүк», Ч. Калыбекованын «Мен да бактылуу болгум келет», Ж. Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр», «Чыңгыз менен Бүбүсара», Б. Өмүралиевдин «Найман эне», У. Шекспирдин «Жайкы күндө көргөн түш», C. Ахмеддин «Күйөө бала» жана башкалар). Труппада Т. Турсунбаева, К. Медетбеков, Б. Кыдыкеева, Б. Алиев, Б. Бейшеналиев, Н. Мамбетова, Д. Байтөбөтов, А. Cарлыкбеков, К. Атамкулова, К. Осмонов, Г. Ташматова, Ш. Касымалиева жана башкалар эмгектенишкен. Кийинки муундун өкүлдөрү: Ч. Калыбекова, Т. Мамытов, Р. Курманалиев, А. Эсеналиева, Н. Аскарбек кызы, А. Темирова. Театр жыл сайын таланттуу жаштар менен толукталып турат.