КЫРГЫЗ АЛА-ТООСУ
КЫРГЫЗ АЛА-ТООСУ – Түн. Теңир-Тоодогу ири кырка тоо. Ысык-Көлдүн батышындагы Кызыл-Омпол тоосунан Тараз ш-на (Казакстан) чейин кеңдик багытта созулуп жаткан ири ж-а татаал мегантиклиналь. Чүй ойдуңун Талас, Суусамыр, Кочкор ойдуңдарынан бөлөт. Уз. 454 км, эң жазы жери 40 км. Орт. бийикт. 3700 м, эң бийик жери 4895 м (Аламүдүн чокусу). Чыгыш тарабында чокулары 4000 мден жогору. Түш. капталынан Төө-Ашуунун тушунда Талас Ала-Тоосу, Ысык- Ата ашуусунун тушунда Кара-Мойнок тоосу айрылат. Суу бөлгүч кыры аскалуу, чокулары шуштугуй пирамида сымал, альп тибиндеги рельеф мүнөздүү. Капталдары асимметриялык түзүлүштө: түш. капталдары кыска, түндүгү жазы, айрым айрыктары 30 кмге.

жетет. Түн капталынын чыгыш бөлүгүндө адырлар (же бөлтөктөр, бийикт. 2000 мге чейин), батыш бөлүгүндө денудациялык жайык беттер бар. Эки капталында тең капчыгай м-н өрөөн көп. Ирилери: Ашмара, Чоң Кайыңды, Кара-Балта, Ак- Суу, Сокулук, Ала-Арча, Аламүдүн, Ысык-Ата, Кегети, Шамшы, Батыш ж-а Чыгыш Каракол ж. б. К. А.-Т. рельефинин тиби б-ча бийик, орто бийик, жапыз тоолорго бөлүнөт. Бийик тоолорго (2500 мден жогору) байыркы мөңгүлөрдүн издери ж-а азыркы мөңгүлөр, цирктер, төрлөр, тепши сымал капчыгайлар, аскалуу зоолор, орто бийиктеги тоолорго (2000–3000 м) кенен капчыгайлар, кууш кырлар, жапыз тоолорго тегизделген денудациялык жондор, шиленди толгон таманы кенен өрөөндөр мүнөздүү. Чыгыш бөлүгүндө чакан тектон. ойдуңдар (Желаргы, Окторкой, Көк-Жар-Суу ж. б.) кездешет. Адырлары кокту-колоттуу, жондору жайык чоң дарыя
өрөөндөрү м-н айрым бөлтөктөргө бөлүнүп турат.
К. А.-Т. – геол. түзүлүшү б-ча мегантиклиналь Тектон. жаракалар аркылуу түндүгүндө Чүй мегасинклиналынан, түштүгүндө Талас, Суусамыр ж-а Кочкор синклиналдык түзүлүштөрүнөн бөлүнүп турат. Эң байыркы (кембрийге чейинки) метаморфизмделген кристаллдуу сланец, кварцит, гнейс тоо тектери К. А.-Т-нун фундаментин түзүп жатат. Анын үстүндө бурчтук келишпестик м-н каледондун синклиналдык структуралык кабатынын жанартоо ж-а чөкмө тоо тектерден турган калың катмарлары орун алган. Эпикаледондун структуралык кабаты
(девон-пермдин) порфирит-туф ж-а чөкмө, көбүнчө кызыл түстүү, континенттик ж-а континенттик-деңиз формацияларынан турат. Кембрийге чейинки ж-а төмөнкү палеозойдо пайда болгон гранитоид интрузиялары кеңири тараган; айрым жерде габброиддер кезигет. Палеозойдун аягында пайда болгон сиенит м-н гранит-сиениттер кыйла кичирээк массивдерди түзөт. Палеоген-неоген чөкмөлөрү тоо этегиндеги адырлар тилкесин түзөт. К. А.-Т-нун чегинде узак убакыт бою коргошун рудасы казылып алынган (Борду кени), азыркы учурда карапалык сырьё (Ак-Суу кени), кооз таш (Кызыл- Омпол сиенит кени) кендеринин ө. ж-лык мааниси бар. Алардан башка күкүрт колчеданынын (Ачык-Таш кени), таш туздун (Желди-Суу кени) ж-а табигый курулуш материалдарынын кендери, о. эле полиметалл, жез кендери белгилүү. Ысык-Ата м-н Аламүдүн минералдуу арашан сууларынын базасында дарылоо мекемелери иштейт. Ак-Суу (Жар-Таш) минералдуу суусу ичүү үчүн ө. ж-да чыгарылат.
Климаты мелүүн континенттик, бийиктик б-ча өзгөрөт. Январдын орт. темп-расы –4...–5°Сден (тоо этегинде) –20...–25°Сге чейин (4000–4500 м бийикте), июлдуку 20–23°Сден (тоо этегинде) 0–5°Сге чейин (кыр бөлүгүндө). Жылдык жаан-чачын этектеринде 300–400 мм, кырына жакын 800–1000 мм. К. А.-Т-нда (голоцендик) жалпы аянты 520 км2ге жеткен 582 мөңгү бар. Анын 483 (жалпы аянты 471 км2) түн. капталында, 99 (49 км2) түштүгүндө. Көбү борб. бөлүгүндө (Кара-Балтадан Шамшыга чейинки аралыктагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 300 км2ге жетет). Ири мөңгүлөрү: Топ-Карагай (аянты
6,4 км ), Кең-Төр (10,0 км ), Голубин (9,4 км ),

2
Туюк (8,5 км ), Чоң-Төр (6,1 км ). Кар чегинин бийикт. 3750–4100 м. Суулары Чүй, Нарын ж-а Талас д-нын алабына таандык. Ири суулары түн. капталында: Ысык-Ата (жылдык орт. чыгымы 7,2 м3/сек), Аламүдүн (6,3 м3/сек), Кара-Балта (5,3 м3/сек), Сокулук (5,2 м3/сек) ж. б.; түш. капталында: Каракол (чыгыш; 4,8 м3/сек), Көкөмерен, Суусамыр ж-а Караколдун (Таластын алабы) куймалары. Булар мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Апрель – май айларында кирип,
август–сентябрда тартыла баштайт.
К. А.-Т-нун топурак ж-а өсүмдүктөрү бийиктик б-ча өзгөрөт. Түн. капталына кургакчыл талаа ж-а талаа (700–1000 м бийикте, ачык коңур топурактуу келип, ак шыбак, камгак, эбелек, ак кылкан ж. б. өсүмдүктөр өсөт), кара коңур топурактуу талаа (1000–1600 м; бетеге, шыбак, карындыз, буудайык, караган ж. б.), шалбаалуу талаа (1600–1900 м; кара топурактуу келип, бетеге, шыраалжын, буудайык, дүйүм чөп ж. б.), токойлуу талаа-шалбаа (1900–2700 м; каралжын тоо-токой, тоо-шалбаа топурактуу, тескей беттеринде карагай, күнгөйүндө арча, аларга жанаша шалбаа өсүмдүктөрү, четин, кайың, тал, бадалдар – бөрү карагат, ит мурун, ак чечек ж. б.), субальп (2700–3100 м), альп шалбаасы (3100–3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Түш. капталдарында дарак өсүмдүктөрү кездешпейт. Анда тоолуу талаа ландшафты (2300–2900 м бийикте) орун алган. Тоо этегинде таштактуу жарым чөл ландшафты (1700–2300 м) бар. Башка ландшафттык алкактар түн. жагына окшош, бирок кургакчыл келип, алардын чектери 300–400 мге бийигирээк.
Жаныбарлары: сүлөөсүн, карышкыр, элик, тоо эчки, суусар, түлкү, бүркүт, ителги, улар, кекилик, чил, куш, арс чычкан, ач күсөн ж. б. К. А.-Т. негизинен жайыт катары пайдаланылат. Сарала-Саз, Суусамыр ж. б. белгилүү жайлоолору бар. Тоо этектериндеги ж-а ички өрөөндөрүндөгү түзөң ж-а бир аз жантайыңкы жеринин көбү айдоого пайдаланылат. Тоонун түндүгүндөгү райондор түш. Капталдарындагы өрөөндөр ж-а жайлоолор м-н Шамшы, Ысык-Ата, Ала-Арча, Сокулук ашуулары аркылуу байланышат. Төө-Ашуудагы тешкен тоо аркылуу Бишкек – Ош автомобиль жолу өтөт.
Ад.: Гвоздецкий Н. А., Голубчиков Ю. Н. Природа мира: горы. М., 1987; Кыргыз жергеси. Фр., 1990; Максимов Е. В., Осмонов А. О. Особенности современного оледенения и динамики ледников Киргизского Ала-Тоо. Фр., 1995.