КЫРГЫЗ АКАДЕМИЯЛЫК КАМЕРАЛЫК ХОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ АКАДЕМИЯЛЫК КАМЕРАЛЫК ХОРУ – 1974-жылы Кыргыз ССР Телерадиокомитетинин алдында Министрлер Советинин чечими менен уюшулган. Алгачкы жетекчиси К. Алиев. Хордун репертуары жергиликтүү жана чет өлкөлүк ком­позиторлордун (В. Моцарт, Ж. Верди, С. Танеев, С. Рахманинов, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, С. Юсупов жана башкалар) классикалык чыгармаларынан (хорлор, кантаталар, реквиемдер) түзүлгөн.

Кыргыз академиялык камералык хору. 2010-жыл.

Коомдук телерадиокорпорациясынын алтын казынасында хордун аткаруусунда 500дөн ашык чыгарма бар. Хор конкурстарга, фестивал­дарга катышып турат. Кыргыз элинин классик композиторлору А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, А. Жаныбеков, С. Осмонов, Э. Жумабаев, А. Жээнбаев, С. Айти­кеев жана башкалардын чыгармалары; элдик ырлар жана М. Баетов, А. Огомбаев, Ж. Шералиев, Р. Аб­дыкадыров, А. Атабаев, К. Тагаев жана башка обончулардын үлгүлүү ырлары хор жана а`капелла үчүн иштелип чыккан. Хордо жогорку квалифика­циялуу В. Базылбекова, К. Исмаилова, З. Тоя­лиева, О. Жапаров, Ч. Дүйшөналиев, С. Урманбетова, Б. Ыбыкеев сыяктуу ырчылар эмгектенишкен. Камералык хор Ленин комсомолу сыйлыгынын (1978), Казакстанда өткөн хор искусствосу боюнча эл аралык конкурстун (2007) лауреаты. 2008-жылдан азыркы Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу. Жетекчилери: В. Д. Гумбин (1976–1991, 1999–2001), К. Нурматов (1992–1994), кыргыз аялдарынан чыккан туңгуч дирижёр Г. Маматова 2001-жылдан.