КЫПЧАКОВ Жумабай
КЫПЧАКОВ Жумабай (11. 9. 1929-жылы туулган, Чүй облусу, Кант району, Алга айылы) – гобойчу, Кыргыз ССР эл арт.исти(1986). 1957-жылы Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музкалык окуу жайын бүткөн. 1944-жылдан Кыргыз мамлекеттик филармониясынын Кыргыз эл аспаптар оркестринде адегенде комуз черткен. Гобойду Ленинграддан эвакуацияланып келген гобойчу И. Ильясовдон үйрөнүп, кийин оркестрде гобой партиясын ойногон туңгуч музыкант. Кыргыз, орус жана дүйнөлүк көрүнүктүү композиторлордун (Моцарт, Гендель жана башкалар) гобой үчүн жазылган чыгармаларын чебер аткарат.

П. Шубин атындагы, М. Абдраев атындагы балдардын музыкалыкмектептеринде сабак берген.

Оркестрдин курамында СССРдин шаарларында, Францияда, Италияда, Румынияда жана башкаларда гастролдо болгон. Медалдар менен сыйланган.