КЫМЫЗДЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫМЫЗДЫК (Polygonum) – өсүмдүктөрдүн кымыздыктар тукумундагы уруусу.

Жылан сымал кымыздык Бир же көп жылдык чөп, чанда бадалча ж-а бадал. Сабагы тик өйдө, кээде төшөлүп же чырмалып өсөт. Жалбырагы жөнөкөй, түрдүү формада. Гүлү майда, 4–6 мүчөлүү, алар жалбырак колтугунан чыгат. Топ гүлү чачыдай же шыпыргыдай Аталыгы 4–8, энелиги 2–3. Мөмөсү үч кырдуу же буурчак сымал. Мелүүн ж-а тропик аймактарда 300дөй түрү таралган. Кырг-нда 22 түрү бар. К-тын кээ бир түрү ашаткыч, боёк зат, о. эле дары өсүмдүк катары колдонулат