КЫЗЫЛ КАПЧЫГАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ КАПЧЫГАЙ Борб. Теңир-Тоодо. Ка­йыңды кырка тоосунун түш.-батыш капталы аркылуу аккан Көйкап суусунун алабында. Ак-Суу р-нунун аймагында. Уз. 6 км, таманы кууш (2–3 м), деңиз деңг. 1900–2800 м бийикте жатат. Капчыгай башталышында Кайыңды кырка тоосун эки тармакка бөлүп, бирөө түн. ба­тышка карай 4539 мден 3400 мге чейин жапыз­дап, байыркы түздүккө өтөт; экинчиси Кара-Арча аталып, түндүктү карай 4381 мден 3608 мге чейин жапыздайт. Төрү кенен (10 км). Андан төмөн таманы кууш, рельефи татаал. Каптал­дары жалама зоо. Девондун кызыл түстүү аки­таш теги, кум, сланец, диабаз, порфирит; ортон­ку палеозойдун серпентинит, перидотит ж. б. тектеринен туруп, тектон. жаракалар м-н тил­меленген. Капчыгай аркылуу аккан суунун уз. 12 км. Өсүмдүктөргө жарды. Капчыгай аркы­луу Көйкап өрөөнүнө ат м-н өтчү эң татаал жалгыз жол бар.