КЫЗЫЛ ДЕҢИЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ ДЕҢИЗ Инди океанындагы Жер орто­лук деңиз, Африка материги м-н Араб ж. а-нын (Түш.-Батыш Азия) аралыгында жайгашкан.

Деңиздеги коралл (шуру) курулуштары.

Египет, Судан, Эфиопия, Израиль, Иордания, Сауд Арабиясы ж-а Йемен мамлекеттеринин жээктерин чулгап жатат. Баб-эль-Мандеб кы­сыгы аркылуу Инди океаны, Суэц каналы ар­кылуу Жер ортолук деңиз м-н туташат. Аянты 460 миң км2. Эң терең жери 3039 м. Жээктерин­де булуң-буйткалар аз. Суэц ж-а Акаба булуң­дарынын (түндүгүндө) аралыгында Синай ж. а. деңизге кирип турат. Ири аралы – Дахлак. Суткасына 2 жолу ташкындайт, бийикт. деңиздин ачык бөлүгүндө 0,6 мге жетет. К. д. дүйнөдөгү эң жылуу (32°Сге чейин) ж-а туздуу (38–42‰) көлдөрдүн бири. Европаны Азия ж-а Австралия м-н байланыштыруучу кыска деңиз жолу. Балык кармалат, бермет алынат. Негизги портто­ру: Суэц (Египет), Порт-Судан (Судан), Массауа (Эфиопия), Жида (Сауд Арабиясы), Ходейда (Йемен). Деңиздин аты андагы көптөгөн балырлардын (Frishodesmium erythraeum) сууга кызыл түс берип турушунан пайда болгон деп божомолдонот.