КЫЗЫЛ БАЛЫРЛАР
КЫЗЫЛ БАЛЫРЛАР (Rhodophyta) – балырлар бөлүмү; түрдүү түстөгү бир ж-а көп клеткалуу организмдер. Хроматофорунда хлорофилл, каротин, ксантофилл, фикоэритрин, фикоциан сыяктуу пигменттер болот. Бул пигменттерге жараша кызыл балырлар түрдүү түстө (ачык кызыл, кочкул кызыл, көгүш кызыл, саргыч кызыл, көк жашыл) кездешет. Кызыл балырлар жип сымал же топтошкон өсүндүлөр, бутакчалар, пластинкалар, кээде «сабакча», «жалбыракчалар» түрүндөгү талломдуу өсүмдүктөр. Негизинен океан, деңизде, аз санда тузсуз сууда жашайт. Көпчүлүк жөнөкөй түзүлүштөгүлөрүнүн клеткалары

бир, татаал түзүлүштөгүлөрүнүкү көп ядролуу болот. Бир клеткалуу ж-а колониялуу формаларында вегетациялык көбөйүүсү клеткаларынын бөлүнүүсү м-н жүрөт. Жыныссыз көбөйүү – моноспора, тетраспоралар, жыныстык көбөйүүсү оогамия аркылуу ишке ашат. Кызыл баларлардын 600дөн ашык уруусу, 4 миңге жакын түрү белгилүү. Кыргызстандын өзөн, сууларында кызыл балырлардын 5 түрү кездешет.