КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ – Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. Кызыл-Өзгөрүш айыл округунун борбору. Коңур-Өгүз суусунун оң өйүзүндө, Кара-Кыр, Туулук, Коңур-Өгүз тоолору­нун этегинде, деңиз деңг. 1720 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 85 км түш.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 147 км. Кыштак 1926-ж. негиздел­ген. Калкы 1965 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, мечит бар. Оорукана, үй-бү­лөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, соода түйүндөрү иштейт.