КЫЗЫЛ-САЙ ЧОПО КЕНИ
КЫЗЫЛ-САЙ ЧОПО КЕНИ Баткен облусунун Лейлек районунда, Сүлүктү шаарынан 5 км түндүктө, Коргон кыштагынан 2 км түндүк-чыгышта, Түркстан кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңг.ээлинен 950–1200 м бийикте. 1967-жылы геологиялык чалгындалып, запасы эсептелген. Кен аймагын антропоген мезгилиндеги чөкмө тектер түзөт. Кумайлуу чопо эолдук чөгүндүдөн пайда болгон. Узундугу 1–2 км, калыңдыгы 2–20 м. Өңү боз, майда көзөнөктүү. Гранулометриялык курамы: бүртүкчөлөрү 0,001 ммден төмөнкүсү – 29,5%, чаң – 0,25–0,01 мм – 61,5%, кошундулар 0,5 мм – 0,99%. Суу сыйымдыгы 24,4%, нымдалгандагы ийкемдүүлүгү жогору. Химиялык-технологиялык касиети бонча кумайлуу чоподон «125» маркасындагы кыш жасоого болот. Запасы С категориясы боюнча 4237 миң м3, 1996-жылга калган запасы С – 900 миң м3. Кумайлуу чопо кени ачык казылып алынууда.