КЫЗЫЛ-САЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-САЙ – Талас обл-нун Бакай-Ата р-нундагы кыштак. Ак-Дөбө айыл округуна караштуу. Талас – Жамбыл автомобиль жолунун ж-а Үрмарал суусунун боюнда, деңиз деңг.1620 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай-Ата кыш-нан 6 км түн. тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 70 км. Кыштак 1920-ж. негизделген. Калкы 1324 (2009); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мончо, ФАП бар.