КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-ОКТЯ́БРЬ – Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-нундагы кыштак. Кеңеш айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 820 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кышнан 10 км түн. тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 42 км. Кыштак 1900-ж. негизделген. Калкы 2587 (2009); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мечит бар. Соода жайлары, мончо иштейт.