КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ОКТЯ́БРЬ (мурдагы А т а б а е в) – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыштак. Кызыл-Ок­тябрь айыл округуна караштуу. Пишпек – Рыбачье т. ж-нун боюнда, деңиз деңг. 1300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кемин шаарчасынан 3 км түш.-чыгыш тарапта. Кыштак 1933-ж. негизделген. Калкы 1212 (2009); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры А. Сармшаев туулган.