КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ 3

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ – Талас обл-нун Манас р-нундагы кыштак. Үч-Коргон айыл округуна караш­туу. Эчкили тоосунун түн. этегинде, Жамбыл – Талас автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 705 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыш-нан 7 км батыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 18 км. Калкы 2421 (2011); негизинен мал чарбасында эмгекте­нет. Орто ж-а балдардын спорт мектеби, китеп­кана, бала бакча, оорукана, дарыканалар, клуб бар. Санитария-эпидемиол. станция, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.