КЫЗЫЛ-ЖАЗЫ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ЖАЗЫ КӨРҮСТӨНҮ – биздин замандын I–V-кылымдарына таандык хунндардын мүрзөлөрү. Токтогул р­айонундагы Артак тоосунун түштүк капталында жайгашкан. 270 дөбө-мүрзөдөн турат, диаметри 7–14 м, бийикт. 0,8–1, 8 м. Маркумдардын сөөгү жалгыздан же экиден казанактуу көрлөргө ко­юлган. 1966-жылы 40 дөбө-мүрзөнү археолог Ы. Ко­жомбердиев казып жана изилдеген. Казуу учурун­да ар түрдүү карапа идиш, темир кылыч, жебе, акак мончоктор табылган.