КЫЗ-КОРГОН КАПЧЫГАЙЫ
КЫЗ-КОРГОН КАПЧЫГАЙЫ Күнгөй Ала-Тоонун түш. капталында. Чолпон-Ата суусунун сол куймасынын алабынан орун алган. Ысык-Көл р-нунун аймагында. Байыркы мөңгү эригенде Кыз-Коргон суусу көбөйүп, тик капталдуу жалама капчыгайды пайда кылган. Уз. 7 км, деңиз деңг. бийикт. 2000–2800 м. Туурасы 10 мден 500 мге чейин. Капчыгай Сарала-Саздын тушуна жеткенде кууштап, тектон. жарака б-ча шаркыратма пайда кылып, улам төмөндөгөн сайын 500 мге чейин кеңийт. Төмөнүрөөк Агала-Таш тоосун кесип өтүп, кайрадан кууштайт. Чыгыш капталы байыркы түздүктүн калдыгы. Суунун нугунан 30–450 м көтөрүңкү. Батышы байыркы мөңгүнүн шилендилеринен туруп, суунун нугунан 150–300 мге көтөрүлөт, өсүмдүктөргө бай. Каледондун кызыл, боз, гранит, гранитдиорит ж. б. тектеринен түзүлгөн. Капчыгайдын таманында ж-а батышында карагай, арча, табылгы, бөрү карагат, карагат ж. б., чыгышында бийик чөптүү шалбаа өсөт. Туризмге ылайыктуу. Жай мезгилде эмгекчилер эс алат.