КХУЛНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КХУ́ЛНА – Бангладештин түштүк-батышындагы шаар. Ганг дарыясынын салаасында жайгашкан порт. Кхулна облусунун административдик борбору. Калкы 1,4 млн (2009). Жолдор тоому. Темир жол бекети. Негизделген мезгили белгисиз. 1884-жылдан шаар макамына ээ. Университеттер (анын ичинде инженер-технологиялык), археология музейи, облустук театр (1900; өлкөдөгү алгачкы) бар. Бангладештин ири экономикалык борбору. Жут, кебез-кездеме, кагаз, тамак-аш, металл иштетүү өнөр жай ишканалары, дарыя верфи иштейт. Муз тоңдурулат. Бир нече жылуулук-электр станциясы бар.