КХОНД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КХОНД (өздөрүн к х о н д, к у и л о к а, к у и е н ж а деп аташат) – Түндүк-Чыгыш Индиядагы дравид тобундагы эл. Саны 1,7 млн киши, анын ичинде 1,5 млну Орисса, 90 миңге жакыны Андхра-Прадеш штаттарында (2008), ошондой эле Бангладеш­те (4,8 миң) да жашашат. Негизинен ория жана куи, куви тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – индуисттер. Кхондор үч топко бөлүнөт:

Денесине салттуу сүрөт тарттырган кхонд аялы.

түздүктөрдө жашаган десиялар; тоо этектеринде жашаган донгриялар жана тоолук кутиялар. Десиялар ория менен ассимиляцияланып, салттык маданиятын жоготуп коюшкан. Кхонддор дыйканчы­лык, балык уулоочулук жана аңчылык менен кесиптенишип, дубалы жыгачтан тургузулуп, үстү пальма жалбырактары менен жабылган үйлөрдө жашайт. Эркектер белине алды-арты жабылган, саймалуу белдемчи байланышат, аялдар саймалуу кездеме оронушуп, кооздуктарды тагыны­шат. Кхонддор өсүмдүктөрдөн жасалган тамак-ашты көбүрөөк колдонушат.