КУЮН ТОК
КУЮН ТОК , Ф у к о т о г у – өзгөрмөлүү магнит талаасынан индукцияланып, туташ жоон өткөргүчтө пайда болгон туюк ток. Өткөргүчтө пайда болгон К. т. Жоуль – Ленц закону б-ча аны ысытат, электр энергиясынын бөлүгү жылуулукка айланат. К. т-туу өткөргүч катуу ысыгандыктан, андагы электр энергиясы кыйла коромжуланат. К. т-ту азайтуу үчүн өзгөрмөлүү ток машинасынын жана аппаратынын магнит өткөргүчтөрү бири бирине ток өткөрбөс пластиналардан же тасмалардан даярдалат. Өткөргүчтөрдү К. т. менен ысытуу металлургияда металлдарды эритүүдө жана алардын куймаларын даярдоодо, лабор. практикада К. т. вакуум техникасында абасы сордурулуп жаткан идиштин ичиндеги металлдарды ысытып газдын калдыктарын бөлүп чыгарууда колдонулат. К. т-тун сырткы магнит талаасы менен аракеттешүүсү электр эсептегичте, электрдик өлчөөчү куралдарда, тахометрде ж. б. колдонулат.