КУЭСТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЭ́СТА (испанча cuesta – кыя, тоо капталы) – капталдары асимметриялуу (бир жагы жанта­йыңкы жана узун, экинчиси тик жана кыска) түзүлүштөгү жалча. Ар кандай борпоңдуктагы тоо тектерди суунун жемиришинен пайда болот. Тоо тектер К-нын узун капталына карай жан­тайыңкы жайгашат. К. акиташ, кумдук ж. б. тоо тектерден турса, рельефтин К. тибин пайда кылат (мис., Крым, Түн. Кавказ, Париж жана Лондон бассейни ж. б. жерлерде).