КУШТАР
КУШТАР , к а н а т т у у л а р (Aves) – омурткалуу жаныбарлар классы. К. айрым морфол. белгилери жана физиол. өзгөчөлүктөрү б-ча (жумуртка туушу) сойлоочуларга окшош; айырмасы денеси мамык жүн менен капталып, ал жылуулукту сактайт жана учканда жылмышууну камсыздайт. К-дын склети жеңил жана бекем, алдынкы колу учууга ыңгайланып, канатка айланган. Булчуңдары, айрыкча учтургуч булчуңу жакшы өөрчүгөн. Жүрөгү 4 камералуу, салыштырмалуу көлөмү чоң, тез кан айланууну камсыздайт. Зат алмашуусу күчтүү жүрөт, кан басымы жогору; артерия жана вена канына бөлүнгөн, дене темпрасы жогору жана туруктуу. Териси жука, бездери жок (чычаң безинен башка). Скелети учууга ыңгайланган, аба толгон көңдөйчөлөрү, минерал туздары көп болгондуктан, жеңил жана бекем болот. Төш сөөгү кырдуу, ага көкүрөк бул-

Куштар: 1 – кадимки мыймыт; 2 – кыштак чабалекейи; 3 – сайрагыч таркылдак; 4 – чоң бейиш чымчыгы; 5 – чоң кашка чымчык; 6 – бейиш чымынчы
кушу; 7 – мала кызыл чыйырчык; 8 – варкушка;
9– үрпөк таан, 10 – кадимки думбул; 11 – барпы;
12 – жут чымчык; 13 – үй таранчысы; 14–15 – эки
түстүү тоту куш (14 – эркеги, 15 – ургаачысы).
чуңдары бекийт жана кабыргалар аркылуу омурт каларга биригет. Куймулчак омурткалары бири бирине кошулуп, жамбаш сөөгү менен биригип өскөн. К-дын денесинде өпкөсү менен байланышкан аба баштыкчалары бар. Дем алганда (канатын көтөргөндө), аба өпкө аркылуу аба баштыкчаларына толот, дем чыгарганда, кайра өпкө аркылуу өтүп, газ алмашуу күчөп жүрөт. Азыктануусунун ар түрдүүлүгү кызыл өңгөчтүн өзгөрүүсүнө, б. а. жемсөөнүн, булчуңдуу карындын, узун ичегинин пайда болушуна алып келген.
Бөйрөгү чоң. Тамак сиңирүү, заара жана жыныс жолдору клоакага ачылат. Зааранын курамындагы суу клоаканын керегеси аркылуу денеге сиңгендиктен, К. сууну көп талап кылбайт. Мээси салыштырмалуу чоң. Жыт жана даам сезүүсүнө караганда, көрүү, угуу жана тең салмак сезүүсү жакшы өөрчүгөн. Сойлоочуларга караганда К-да нерв иши жогорку деңгээлде жана жүрүм-туруму татаал. Ар башка К. жыныстык жактан ар кандай жашта жетилет. Көбөйүүсү жыныс бездеринин ички жана сырткы факторлордун таасиринен мезгилдик өөрчүшүнө байланыштуу. К-дын азыгы жетишсиз учур алардын циклдүү көбөйүшүн бузат: үкүлөр жана жырткыч К. кемирүүчүлөр аз болсо, кайчы тумшуктар тобурчак уругу жетишпесе уялашпайт. К-дын уя салган жери жана уясы да ар түрдүү болот. 1ден 20га, андан да көп (тооктор) жумуртка тууйт. Жумурткасын ургаачысы же эркеги, кай бир К-дын экөө тең басат. Басуу мөөнөтү түрдүү
К-да ар башка болуп, 11–12 күндөн 2 айга чейин созулат. Түйүлдүктүн кийинки өөрчүшүнүн
өзгөчөлүгүнө карай балапандуу куштар жана жөжөлүү куштар деп айырмаланат. К-дын жашоо
чөйрөсү да өтө ар түрдүү. Алардын бак-даракта, ачык талаада, сазда, сууда жашоочулары бар. Кээ бир жерде туруктуу жашайт, айрымдары көбөйгөндөн кийин топтошуп учуп кетет; убактылуу жер которот (к. Келгин куштар). К-дын азыркы жашаган 28 түркүмү, 9000 түрү Арктикадан Антарктида жээктерине чейин, бардык табигый зоналарда таралган. Кырг-нда 340тай түрү кезигет. Табиятта жана адам үчүн алардын мааниси көп түрдүү; өсүмдүк чаңдаштырат жана алардын уругун таратат, курт-кумурскаларды, кемирүүчүлөрдү ж. б. жоготуп пайда келтирсе, айрымдары бак-дарак, жемиштерге, дан эгиндерине зыян келтирет; жугуштуу ооруларды таратат. Кээ бир К-га аңчылык кылынат.
Ад.: Янушевич Н. Кыргызстандын сейрек кездешүүчү айбандары жана канаттуулары. Ф., 1972.